про род Кудайлат профессор О.Каратаев(историк и этнограф,д.и.н.) пишет следующее :этническое название паралелли встречаются у тувинцев в виде хоодаи..Полный текст..:
Кудайлат - басыз уруусунун курамындагы ири уруктар тобунун аталышы. Этностук аталыштын параллелдери тывалардан - «хоодаи», башкырлардан - «кудей» формаларында кездешет. Айрым тарыхый фактылар, лингвистикалык салыштыруулар, топонимикалык аталыштар кудайлаттардын байыркы энесайлык кыргыздардын курамында болгондугун тастыктайт. Тывалардын тарыхый фольклорунун айрым маалыматтары тыва элинин курамына жуурулушкан (Тыва Республикасы, Эрзин аймагы) кыргыз уруусун Эрзин аймагына Хоодай жана Үстүг аттуу бабалары көчүрүп келгенин баяндайт. Тывалардын курамындагы «кыргыз» уруусу (эскертүү: тывалардын ичинде өз алдынча «кыргыз» аттуу эки уруу бар). 820- 840-жж. Уйгур каганатын багындырган мезгилден эле аталган аймакты байырлап келишет. Кызыктуусу, бүгунку Хакас-Минусин ойдуңунда Худалат (Кудалат) аттуу топонимикалык аталыш сакталып калган. Л.П.Потапов В.В.Радловдун илимий негиздүү жыйынтыгын колдоп, курамына «хоодай» уруусу кирген эрзиндик тыва- кыргыздарды 1663-жылы Алтын-хандар (монгол хандарынын династиясы) тарабынан Минусин ойдуңунан Түштүк Тывага көчүрулгөн энесайлык кыргыздардын түз тукумдары деген жыйынтыкка келет. Бул уруктар тобунун өкүлдөрү Сузак, Өзгөн, Тогузторо, Акталаа аймактарын мекендеп келишет. Негизги уруктары: ачабаш, тогой, дөөлөт, борчо, мурат, темир, чүйүт, сарыкалпак, сатыбалды уулу жана башкалар.