Я общался с некоторыми казахскими кыргызами (в основном молодые люди) в Кокшетау и Караганде в сети и вживую. Многие мне говорили, что осознают себя кыргызами. Племена свои даже помнят — саруу, насколько я помню.
Сведения в кыргызских санжыра:
Ак Төбө, Көкчө Тоо жактагы кыргыздар негизинен, Богорстондун тукумударынан тараган: эштек, солто, таталар. Кушчу, колпочтон да бар. Мурдагы жоокерчилик заманда, атадан бала адашкан учур көп эле болгон. Согушта колго түшкөн баладан тукум тарап, акырындап отуруп ал элге сиңип кеткен. Мунун баарын айтып жаткан себебибиз Ак Төбө, Көкчө Тоо тарапка Аблай хандын мезгилинде алынып кеткен кыргыздардын, ушул, эки жүз жылдын ичинде казакташып кеткенинде болуп жатат. Ак төбөлүк журун, Камыс-Көл, Жиликти-Көл, Кара-Көл, Ашы-Сай, Сабынды-Көл, Чалкар, Коргон-Туз, Ак-Түбек аймагында жашаган кыргыздар тили жагынан, үрп-адаты жагынан, кийими, түзү жагынан да казакташып калган. Алардын айрым эски кишилери гана, түп-тегибиз кыргыз, Ала-Тоодон келгенбиз,-дейт. Булардын казакташып калганынын эң негизги себеби, кыргыз элинен ажырап, байланышпай калышы. Натыйжада, барган кыргыздар акырындап казак тилин өздөштүрүп, өзүлөрүнүкүн унута башташкан. Жаңы туулган муун, ошол жерде басымдуулук кылган тилди –эне тили катары кабыл алып кеткен.