"...Буурсунду бурдурбайт
Буруттан Манас эр чыкты
Бул Анжыянга турдурбайт.
Чабышып чама келе албайт,
Кызы талак бурутка
Чабышып адам жеңе албайт.
Алтайдан Манас туулган,
Эсенкандын элине
Салып келди чуулган.
Кыйлага кызык кылды дейт,
Бет алышып урушуп
Бээжиндин журтун кырды дейт.
Буласын булап алыптыр,
Эсенкандын элине
Бузукту мыктап салыптыр.
Кочкулардан койбоптур,
Балбандарын, дөөлөрүн,
Баарын кырып оңдоптур.
Куткарып элин чыгыптыр,
Орго, Дөңгө балбандын
Баарысын жерге тыгыптыр.
Канды суудай агызып,
Каракандын тукуму
Канкор бурут чыгыптыр,
Өрдөй конуп Таласты..."
"Буруттан Манас эр чыкты
Түрү бузук жүзүндө
Өрттөнүп кеткен ал бурут
Бизге душман зилинде."
"...Колго тийген бул бурут
Артык мыкты эр экен.
Кан ичме канкор бурутка
Жолдош болчу эме экен..."
"Кара байыр казанат
Калбыр өпкө, жез билек
Кайыпка катар ат минген,
Илек-илек жоо чыкса,
Сезгенбей жоого бир тийген,
Курун селде чалынган,
Катар найза сунганда
Кудуреттеп жалынган,
Көрсө, бурут өзү экен
Казынаңдын баарысын
Карактап алганы жүргөн кези экен.
Төбөбүздөн басканы,
Жүктөлгөн дилде, көп алтын
Олжо кылып чачканы.
Көрдүм бурут өзү экен.
Карасам кара көзү экен..."
"Кыргыздан Манас кан чыгат.
Мунун каарынан жан чыгат.
Телегейин тең тубат,
Буруттан Манас шер туулат,
Жүргөнүнөн жан чыгат."
и .т.д. и так 198 упоминаний бурутов как кыргызов от имени калмыков в Манасе по Саякбаю Каралаеву. То есть кыргызы сами себя называли бурутами? Зачем?
"Кырк үйлүүнүн баарысы,
Азып барган бул журттун Акбалта,
Жакып карысы,
Кызматка кирди баарысы.
Алтын кенин казышты,
Казып алган алтынды
Дорбого салып катышып,
Керек десе калмакка
Төрт түлүк малга сатышып,
Шамыянын* шайлатып,
Кош өгүзүн байлатып,
Жердин жүзүн ачтырып,
Уучтап тукум чачтырып,
Эгин айдап жай болуп,
Эсепсиз кыргыз бай болуп,
Ак буудай нанын чайнашып,
Эшигиңин алдына
Алтыдан тулпар байлашып,
Айдап алган эгиндин
Кочушун койго сатышып,
Табагын тайга сатышып,
Сан кара күтүп бай болуп,
Көңүлү мындан жай болуп,
Санаасы менен болтуруп,
Сандыгынын баарысын
Сары алтын мүлккө толтуруп,
Бай Жакып деп аталып;
Сан кара күтүп эр Жакып
Төрт түлүгү шай болуп,
Төрө агаң Жакып бай болуп,
Астыңкы эрдин шалпайтып,
Эки өркөчүн каркайтып,
Атаны алты сан болуп,
Абаң Жакып бай болуп.
Ал Алтайда турганда
Абаң Жакып көк жалдын
Алтыны жети там толуп,
Адырда жылкы алты сан,
Аргымак — буудан аралаш
Жакып күтүп сан кара,
Көңүлү күндө жай болду
Алтайда манжу — калмактан
Баарынан Жакып бай болду.
Байлыгы журтка билинип,
Улук экен Эсенкан
Анын даңзасына* чийилип,
Аты жетти ааламга
Абаң Жакып берендин
Даңкы журтка жайылып,
Атактуу Жакып бай болуп,
Эчен жылы болгуча
Бир балага зар болуп:
Малды күттүм, балам жок,
Жараткандан көп тилейм,
Менин бала күтөөр чамам жок.
Тоодогу жылкым — тогуз сан,
Тобурчак* тулпар алам жок,
Тозокко жыйган каран мал
Муну тосуп алуучу,
Тозоктуу дүйнө балам жок!
Тобурчак тулпар мээси жок,
Муну тосуп алчу ээси жок!
Куу дүйнөнү көп жыйдым,
Же бала табаар чамам жок!
Атаным алты сан болду,
Баласы жок сандалган
Жакыбын. мындай жан болду!
Тегинге жыйган ээсиз мал
Теңшерсем эркек балам жок,
Тегеренет эсен жан.
Туурага толду кайран мал,
Туякка эркек бала жок,
Тура албас болду кайран жан!
Менин жүктөөрүм атан, пил болду,
Береки алган жарым Чыйырды,
Алганым эчен жыл болду.
Солбуп чачын тарабайт,
Соолгур кандай күн болду.
Баатыркан кызы Бакдөөлөт,
Менин баштатан жарым ушу эле
Барктасам бала торобой,
Баарыдан мүшкүл иш болду.
Ээси жок малды көп күтүп,
Не мураска жетемин,
Баана кылган бала жок,
Туяксыз өтүп кетемин.
Аргымак бактым мээси жок,
Муну таптап минээр ээси жок!
Мен Алтайга келгени
Каран малды көп жыйып,
Бастырып төргө чыкпадым,
Же «баа» эткен үнүн укпадым.
Арманым калың, ичим чок,
Алтайга минээр буудан жок.
Өзүм менен уялаш
Айдалган сегиз тууган жок.
Ичим капа, боорум чок,
Мал үзүрүн көрүүчү
Баатыр кыргыз журтум жок!
Эңкейип кетсем элим жок,
Ээсиз малды жаюуга,
Менин эзелки тууган жерим жок!
Элим турмак бул жерде
Эш кармарга жээним жок!
Астымда турган ага жок,
Алтайда туруп күн көрдүм,
Арка кылган тага жок!
Менин байлыгым калын, сында жок,
Менин арстаным кыргыз элим жок!
Кудайдын салган дүмөгүн,
Көтөрбөскө чамам жок.
Көп ээсиз малды мен жыйдым,
Муну күтүп алаар балам жок!
Кырк үйлүү кыргыз биз болдук!
Кара калмак—манжунун
Ортосунда турабыз,
Же калкты табаар айла жок,
Калайык, кандай арга кылабыз!
Бу калмактын ичинде Абаңыз
Жакып өлөбү,
Баласыз Жакып экен деп,
Каран калган көп малды
Калмак кечили* келип бөлөбү?!
Кочкусу кордук салабы,
Баштатан кордолуп келген эл элек,
Каран калган бу малды Кытайын, ээлеп алабы!"
-----------
"Алооке баш болгон күчтүү душмандары кыргыздарды басып алып, катуу эзип, көп кордуктар көргөзөт. Каршылык көрсөтүүгө аракеттенген Каракандын балдарын туш-тушка бөлүп айдап жиберет. Каракандын сегиз уулунун эң кенжеси Жакып кырк үйлүү кишилер менен кошо Алтайга айдалат. Алар Иленин башы Үч-Аралдан өтүп, Ак-Талаа деген жерге барышат да кен казып, эгин айдап жан багышат. Жакып ченде жок байыйт, бирок баласыз болгондуктан армандуу жүрөт. Буруттан (кыргыздан) Манас деген баатыр чыгып, сени жеңет деген аярларынын сөзү боюнча Эсенкан Манас аттуу баланы таап келүү үчүн көп балбан-баатырларын жөнөтөт. Алар көп жерлерди кыдырып чыгышып, акыры Самаркандан чоң эшендин уулу Жарманас аттуу балага жолугушуп, аны байлап кетишет."
-----------
"В устном творчестве тюрко-монгольских народов Саяно-Алтая говорится, что кыргызы и буруты издавна обитали на одной территории. В то же время в историческом фольклоре хакасов и алтайцев сохранились сведения о независимых, сильных и могущественных бурутов. По данным преданиям, можно понять, буруты проживали то на Саяно-Алтае, то на территории современной Монголии. Действительно, внутри современных тюрко-монгольских народов имеются самостоятельные рода бурут и кыргыз. У тюрко-монгольских народов Саяно-Алтая (хакасы, алтайцы, телеуты, урянхайцы, хотоны, торгоуты, миянгаты, дэрбэты, хошоуты, хойты) широко распространен род бурут (пүрүт), который связан с кыргызами (17, с.54-55).
С IX-X вв. этнокультурные, исторические взаимоотношения кыргызов с монголами усились. Например, после смерти Чингиз-хана на освободившийся наследственный престол взошел Огодой-хан (Угедэй), который с намерениями наладить союзнические отношения взял “четвертой царицей” Жачын, которая была дочерью вазиря одного из кыргызских ханов.
Как сообщал А. В. Адрианов, буруты считались потомками кыргызов пришедших со стороны Тувы, и рассеявшихся кыргызов. Согласно хакасскому фольклору прародиной бурутов является по одной версии Бурятия, а по другой — страна Тӧрбет (дербеты Северо-Западной Монголии). Отождествление прародины с Бурятией — явление более позднее, связанное с созвучием этнонима бурят (по-хак. "пыраат"), с названием сеока "бурут". Вероятно, этот сеок все-таки относился к потомственным родам Кыргызской земли, ибо джунгары применяли термин бурут для обозначения тянь-шаньских кыргызов. На Алтае известны идентичные легенды о кыргызах и бурутах, а алтайский сеок бурут в русских документах за 1756 назван «кыргызы». Кроме того, среди племён Северо-Западной Монголии роды кыргыз, наряду с родами бурутов, относились к древнейшим жителей этой страны. В самом известном Кыргызском эпосе Манас древних кыргызов называют "бурутами" (от манасчи Саякбай Каралаева).
Среди сагайского рода кыргыз, т. е., несомненно, среди потомков оставшейся на Енисее части киргизского народа, Радлов слышал легенду, по которой киргизами был истреблен посланный в их землю для сбора дани ойратами отряд в 300 человек вместе с его начальником. Когда от этого отряда в течение года не было никаких известий, хун-тайджи послал отряд в 1.000 человек из казак-бурутов (бурутами ойраты называли киргиз; "казак бурутами", т. е. казак-киргизами ойраты и по их примеру русские назвали казаков); их предводитель, не добившись от киргиз, кто виновен в истреблении ойратского отряда, увел с собой к хун-тайджи весь народ; осталось только несколько человек, успевших заблаговременно скрыться. Другая легенда, также переданная Радловым, приписывает увод киргиз известному борцу за свободу калмыцкого народа Амурсане (1750-х г.), спасшемуся в 1757 г. в русские пределы и умершему в том же году от оспы в Тобольске.
Если судить по появлению термина кыргыз из китайских источников, они появились на рубеже 3 века, т.е. они очень древний народ, из-за этого название бурут как множественное число может появится только от тувинского слова бурун - древный, а не от слова буруу - вина. О какой-то вине или повинности кыргызов-бурутов или предков бурят в монгольских средневековых летописях нет ни единого упоминания.
"Имеется одно ошибочное высказывание Г. Д. Санжеева относительно нахождения бурутов в составе енисейских кыргызов. Возражая Г. Н. Румянцеву, писавшему, что «племя бурут в составе киргизов существует и в настоящее время» [1951: 19–20], Cанжеев категорически возразил ему, говоря, что «такого племени бурут среди киргизов нет и не было» [1983а: 95]. Но оказывается, такое племя бурут среди киргизов было и есть. Выдающийся русский ученый, путешественник, историк и этнограф Г. Е. Грумм-Гржимайло писал, что киргизы-буруты обитали в домонгольское время в Баргуджин-Тукуме, по соседству с бурятами, откуда переселились на Тянь-Шань, «вероятно, в ХIII в.» [1934: 180]. К сказанному можно добавить слова известного современного хакасского этнографа В. Я. Бутанаева: «Пÿрÿт (бурут) – название сеока среди качинцев, сагайцев и кызыльцев; ах пÿрÿт, хара пÿрÿт, хасха пÿрÿт – подразделения сеока бурут» [1999: 99]. На смежной территории с бурутами-кыргызами могли жить остатки омонголившихся селенгинских уйгуров, которые оставили после себя
в приаральско-сырдарьинских степях и просторах Восточного Урала столь много этнонимов и этнотопонимов с основой -ай."
"В начале ХIII в. буруты и буряты, отданные ойратскому Худуха-беки, переселились в плодородные прихангайско-алтайские земли, прежде принадлежавшие найманам. В начале XVIII в. указанные буруты и буряты вместе с енисейскими кыргызами были уведены джунгарскими зайсанами в бассейн р. Или, где именовались по-прежнему бурутами [История Тувы 1964: 25; Миллер 1937: 314]. Позднее эти буруты были зафиксированы в составе тянь-шаньских киргизов. А то, что буруты были изначально древнекыргызским племенем пяяр, которое в эпоху Тюркских и Уйгурского каганатов смешалось с теле-уйгурскими племенами, можно считать доказанным [Потапов 1969а:191–192]. Поэтому «буряты» «Сокровенного сказания» не имеют ничего общего с современными бурятами Прибайкалья и Забайкалья, хотя можно допустить очень отдаленное родство через предполагаемого прототюркского тотемного предка волка бири. Тогда встает вопрос, почему и каким образом современные буряты, никогда не имевшие в своем родоплеменном составе имя буряад и до появления русских во всем Байкальском регионе не называвшие себя бурятами, вдруг стали так называться?"