:: Кыргызско-русский словарь ::
Кыргызско-русский словарь - данный словарь был выпущен в Москве в 1957 году Государственным издательством иностранных и национальных языков. Словарь содержит более 51000 слов. Словарь будет полезен всем изучающим кыргызский язык, также будет полезен для перевода.
Автор:К. К. Юдахин
Кыргызско-русский словарь по буквам
Кыргызские слова располагаются в разделах по буквенным индексам:
[ A ] [ Б ] [ В ] [ Г ] [ Д ] [ Е, Ё ] [ Ж ] [ З ] [ И ] [ К ] [ Л ] [ М ] [ Н, Ң ] [ О ] [ Ө ] [ П ] [ Р ] [ С ] [ Т ] [ У ] [ Ү ] [ Ф ] [ Х ] [ Ц ] [ Ч ] [ Ш, Щ ] [ Ы ] [ Э ] [ Ю ] [ Я ]
жок
жок 1. нет, отсутствует, не имеется;менде жок у меня нет, я не имею;
баласы жок у него детей нет;
жокко туз да жок погов. для кого нет, так и соли нет;
жокко амал жок погов. на нет и суда нет;
жокко ишенбе не надейся попусту;
жоктун жогу абсолютно ничего нет;
жамандын барынан жогу погов. лучше никакого, чем плохой;
жок кыл- уничтожить;
жок кылын- быть уничтоженным;
жок бол- исчезнуть, пропасть, перестать существовать;
шок болсоң, жок болорсуң погов. если будешь озорным, пропадёшь;
жоктон пайда болгон возникший из ничего;
2. в знач. отриц. частицы нет;
төө көрдүңбү? - Жок.- Бээ көрдүңбү? - Жок знать не знаю и ведать не ведаю (букв. верблюда видел? - Нет.- Кобылу видел?- Нет);
жылында бир келсе, келет, болбосо - жок разве раз в год придёт, а то и того нет;
3. пропажа;
жокту издеп жүрөмүн фольк. я ищу пропажу;
көптөн жоготкон жогун эми тапкандай (обрадовавшись) будто он нашёл давнюю пропажу;
жокту жок издеген табат погов. пропажу найдёт тот, кто ищет;
бириң чык, жок сураймын выйди-ка кто-нибудь, я о пропаже расспрошу;
жол болсо, жок табылган жерден болсун! желаю тебе удачи в поисках пропажи!;
4. нужда;
аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет погов. шею аргамака стрела переедает, шею молодца - нужда;
5. неимущий, бедняк;
барлар жокту, жоктор барды көргүсү жок богатые бедных, а бедные богатых видеть не хотят;
колунда жок неимущий, бедняк;
6. с предшеств. дат. п. не имеющий склонности к чему-л., не переносящий чего-л.;
сөзгө жок неречистый;
этке жокмун до мяса я не большой охотник; мяса много, я съесть не могу;
суукка жок экенсиң ты, оказывается, чувствителен к холоду;
7. с предшеств. формой на -гы выражает нежелание, отсутствие склонности;
баргым жок мне не хочется идти;
жегим жок мне не хочется есть, у меня нет желания кушать;
8. или, или же;
сен айттыңбы, жок, ал өзү билдиби? ты сказал или он сам догадался?
сен бердиңби, жок, ал өзү алдыбы? ты дал или же он сам взял?
9. с предшеств. прич. прош. вр. не (отрицание);
келген жок он не прибыл;
көргөн жокмун я не видел;
алган жок он не брал;
жокко чык- свестись к нулю;
жокко чыгар- свести на нет;
жогун! нет, что ты!;
эмне? - Жогуңуз (или Жоңуз), жок, жөн эле что? - Ничего, так себе (не беспокойтесь);
жоктон акыл изде- стараться понять;
жоктон акыл издеп жатам пытаюсь как-то понять;
жоктон тапкан эмедей или жоктон тапкансып представляя что-л. уникальное, исключительно ценное;
жоктон таап алгансып, кишиге көрсөтпөйт он (это) никому не показывает, считая очень ценным;
жоктон тапкансыба, магазинде толуп атат не представляй (это) как какую-то особую ценность, в магазине (этого добра) полно;
сен, жоктон таап алгансып, мактайсың ты хвалишь, будто диковину какую-то;
жоктон тапкандай кубанасың ты радуешься (этому) как какой-то большой ценности (а ничего особенного нет);
жок жерден
1) по пустякам, из-за пустяков;
2) неожиданно, нежданно-негаданно;
жок жерден тапкан неожиданно нашёл;
жок жерден сөз тапкан чечен находчивый, искусный оратор;
жок сөз пустая болтовня, неправда;
кой жок сөздү перестань зря болтать;
жокту сүйлөбө! не выдумывай!;
жокту сүйлөйт он мелет чепуху;
сага эмне жок?! чего тебе ещё не хватает?!; а тебе-то какое дело?!;
мага эмине жок?! а мне-то что?!, а мне-то какое дело?!;
эси жок глупый;
эси жогум глупенький (ты) мой;
жок-бар то-сё;
жок-барды сүйлө- говорить о том о сём; рассказывать небылицы;
жок-барды сүйлөшүп почесав языки; поболтав о том о сём;
элде жок или жанда жок исключительный, выдающийся;
элде жок эр или жанда жок эр молодец из молодцов;
жок дегенде на худой конец, самое меньшее; хотя бы;
бир экзамен берсем бекен, жок дегенде? а не сдать ли мне (на худой конец) хотя бы один экзамен?
көзү жокто см. көз;
не бара жок см. не.